Наш веб-сайт использует файлы cookie, чтобы предоставить вам возможность просматривать релевантную информацию. Прежде чем продолжить использование нашего веб-сайта, вы соглашаетесь и принимаете нашу политику использования файлов cookie и конфиденциальность.

Украинада Fox News телеканалынын эки кызматкери окко учту

news-life.org

Украинада Fox News телеканалынын эки кызматкери окко учту

Америкалык Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору Пьер Закржевски жана телекабарчы Бенжамин Холл Украинадагы аткылоодо каза тапты. Алар бир күн мурун Киевдин жанындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө ожаракат алганын телеканал билдирди."Биз анын Украинада дүйшөмбү күнү кечинде телекабарчы Бенжамин Холл менен бирге ооруканада каза болгонун тастыктайбыз", - деп билдирди Fox News.Аскердик оператор Пьер Закржевский 14-мартта Горенка айылын (Киев облусу) аткылоо ок тийген. Оператор менен кабарчы бараткан автоунаа аткыланып, экөө тең жарадар болгон."Пьер биздин телеканалдын легендасы болчу. Бул оор жоготуу бизди нес кылды. Ал бизде көп жыл бою иштеди. Ирак, Ооганстан жана Сириядагы согуштарды чагылдырган. Ал бир эле кезде оператор, фотограф, продюсерлик кызматтарды бирдей алып барчу. Ал эң оор кырдаалдарда дагы жумушун так аткарып, зор тажрыйба топтогон. Ал чыныгы кесипкөй журналист болгон. Ал чыныгы дос болчу", - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө. 13-мартта Киев облусунун Ирпень шаарында америкалык журналист Брент Рено мерт болуп, анын кесиптеши жаракат алган. Маркумдун документтеринин арасынан New York Times гезитинин мөөнөтү өтүп кеткен пресс-картасы табылган.New York Times басылмасынын редакторлору Брент Ренонун өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алышканын айтып, ал 2015-жылга чейин NYT менен кызматташканын билдиришти.
  • Последние
Больше новостей

Новости по дням

Сегодня,
2 мая 2024